Share
Share Button
г.Бишкек, 27 декабрь 2017-жыл
 
КР нын Президенти
 
С.Ш. Жээнбековго
 
 
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
 
Кыргыз Республикасындагы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын алга жылдыруучу КЭУ дын бирикмеси(асоссациясы) Сизге сый артуу менен Кыргызстандагы балдарды, энелерди жана карыларды өз коргооңузга алууңузду суранат.
 
Депутаттардын демилгеси менен кабыл алынган жана 2017-жылдын август айында Президент кол койгон «КР сынын Мамлекеттик жөлөкпулдар тууралуу» мыйзамы 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Ал боюнча социалдык коргоо системасындагы жана жергиликтүү бийлик органдарындагы коррупционерлер тарабынан мамлекеттик жөлөкпул алуу укуктарынан чектелип калган жетим балдар, майыптар, кары картаңдар жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдар «ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮГӨ» үмүт артышып, Кыргызстандагы бийликке ишенүү менен карай башташкан.
 
Жарандар Сизге добуш берүү менен Сизди алардын кызыкчылыктарын коргоого алат деп үмүттөнүшкөн, биз ошон үчүн Сизге кайрылып жатабыз.
 
КР сынын Өкмөтү мыйзамдуулукту жана регламентти оройлук менен бузуп, коомдук талкууларды өткөрбөй, Жогорку Кеңештин кароосуна, КР сынын «Кыргыз республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун сунушташты. Өз кезегинде Өкмөт тарабынан адаштырылган Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алынган мыйзамдын иштөө убактысын артка жылдырууга добуш беришти. Өкмөт 2018-жылдын 1-январынан тартып аз камсыздуулук боюнча жөлөкпул алып келген 30 миңдей бала мындан ары, андан ажырап калышат деп айтуу менен депутаттарды жаңылыш чечим кабыл алуусуна түрткү берди.
 
Жакыр үй-бүлөлөргө жөлөкпул берүүгө карата КР сынын жаңы өкмөтүнүн чечими 2018-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөргө алып келмекчи:
1. 3 жашка чейинки балдарга жана энелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү багытындагы жөлөкпул чектөө жана төлөө мөөнөттөрү артка жылдырылат;
2. 3 жана андан көп балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөргө төлөмдөрдү төлөө мөөнөтү артка жылдырылат;
3. жөлөкпул чектөөдө мурдагыдай эле үй-бүлөнүн жалпы кирешесине жаш курагы, майыптыгы боюнча жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча алган пенсиялар да киргизилмекчи;
4. үй-бүлөнүн кирешесине баа берүүдө 900 сом өлчөмүндөгү кепилденген эң төмөнкү киреше менен салыштыруу ыкмасы колдонулат;
5. жакыр үй-бүлөлөрдөгү мал жандык, автомашина, трактор ж. у.с. издеп каттоого алуу улантылат;
6. мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү бийлик тарабынан ыкшоолук менен (мүмкүн белгилүү өлчөмдө белек алуу менен) берилүүчү көп сандаган аныктамаларды талап кылуу улантылат;
7. мурдагыдай эле жол киреге, пара берүүгө, кышкы кийим кечекке каражаты жок эң жакыр үй-бүлөлөр мамлекеттик жардамдан кур жалак калышат. Учурда жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдардын 60% жөлөкпул албай тургандыгы белгилүү;
8. аз камсыз болгондугуна байланыштуу жөлөкпул чектөөдөгү коррупциялык система сакталып кала бермекчи;
9. өкмөт 2018-жылдын 1-январынан тартып жаңы төрөлгөн балдарга «сүйүнчү пул» берүү тууралуу депутат А. У. Жапаровдун жана азыркы ЖК нын төрагасы Д.А. Жумабековдун демилгесин колдоого алышты.
 
Демек, мурдагыдай эле көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр адамгерчиликсиз тандоого мажбур болушууда: же кары картаңдар-ата-энелер, же балдар. Жөлөкпул чектөөдө жаш курагы, майыптыгы, багуучусунан ажырагандыгы боюнча берилген пенсиялар эсепке алынбайт деген үмүт-кыял дагы 3 айга, мүмкүн андан да көп убакытка создуктурулмакчы. Жаш үй-бүлөлөр өз балдарын багуу үчүн кары картаң ата-энелерин тагдырдын сынагына ташташууга мажбур болмокчу.
 
Балдар жана алардын энелери мурдагыдай эле, (эгерде расмий иштесе), кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик жөлөкпулду 4 ай ичинде гана ала алышмакчы. Натыйжада Кыргызстандын 400 миң баласы мамлекет тарабынан жардам албай калышат. Ал эми 2018-жылдын 1-январынан тартып 30 миң бала социалдык коргоо системасынан сыртта калат деген жыйынтык жаңылыштык. Мамлекеттик жөлөкпулдар тууралуу азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча, жөлөкпулдар 1 гана жылга берилет, демек айтылган балдар 2018 жыл ичинде акырындык менен чыга башташат. Тилекке каршы, коррупциялык системада 10 жылдан ашык жөлөкпул берүү практикаланып келет. Ошол эле учурда жөлөкпул алып жаткандар балдарын ЖОЖ ларында келишимдик негизде ( орточо наркы жылына 24 000 сом-айына 2000 сом) окутушат, кредит алышат жана кошумча киреше табуучу булактарга (соода күркөлөрү, базардагы соода орундары, мастерскойлор) ээ.
 
Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиз премьер болуп турган мезгилде «КР дагы мамлекеттик жөлөқпулдар тууралуу» мыйзамдын кабыл алынышы бул, жөн гана шайлоо алдындагы «пиар –кампания» же алдоо болгон эмес деп үмүттөнөбүз. Билимсиз жана ачка балдар «Таза коомду» түзүп аны жетектей алышпайт. Биз, Сизден, биздин өлкөдөгү калктын аялуу, коргоосуз калган катмарын колдоо менен социалдык коргоо системасындагы коррупционерлерге каршы чыныгы күрөштө реалдуу кадамдарды жасооңузду күтөбүз. Мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарындагы жана социалдык коргоо бөлүмдөрүндөгү коррупционерлерди токтотуп, бөгөт коюп бериңиз.
 
Буга байланыштуу биз Сизден Жогорку Кеңеш тарабынан, 2017-жылдын 27-декабрында кабыл алынган «Мамлекеттик жөлөкпулдар тууралуу кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамды жокко чыгарып, «вето» салууңузду суранабыз.
 
Келе жаткан жаңы 2018-жылдын 1-январынан тартып, кары картаңдар, жетим-жесирлер, майыптар жана көп балалуу, жакыр үй-бүлөлөр, андагы балдар социалдык коргоо системасындагы коррупционерлерден эркин болуп, татыктуу жашоого мүмкүндүк алышат деген үмүт менен
 
Кыргыз Республикасындагы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын алга жылдыруучу КЭУ дын бирикмесинин аткаруучу директору
Наталья Шипп.
 
«Балдарды Коргоо Борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору
Мира Итикеева

Комментировать »

Ассоциация НКО по продвижению прав и интересов детей в КР | 28.12.2017 | В рубриках: Новости

Адрес для трекбека | Comments RSS

Оставьте отзыв


ChildreNetwork, 2018 | Главная страница